00:32
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Боршайком депутаттарды мекемеге басым көрсөтпөөгө чакырат

Жогорку Кеңеш Борбордук шайлоо комиссиясынын ишине аралашып, таасир берүүгө аракет кылып жатат. Бул тууралуу бүгүн БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, депутаттар аны парламентке Конституция жана мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу максатында чакырганы менен негизги себеби түшүнүктүү.

«Мен бул аракетти шайлоо комиссиясынын жумушуна басым көрсөтүү катары кабыл алам. Бул мыйзам бузуу жана ага карата жаза каралган. Биз суроолорго жооп берүүдөн баш тартпайбыз, бирок, бизди өз ыгына салуу аракетинен алыс болушса», — деди Нуржан Шайлдабекова.

Эң көп окулган жаңылыктар