19:43
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Жогорку Кеңеш менен Боршайком ортосунда талаш жаралды

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынан кечэ кабыл алган токтому боюнча түшүндүрүү талап кылышты. Бул тууралуу депутат Мирлан Жээнчороев бүгүнкү отурумда билдирди.

Анын айтымында, БШКнын кечээ жыйынында кабыл алган токтом мыйзамга каршы келет.

Эскерте кетсек, кечээ БШК алдыдагы шайлоонун календарлык планын бекиткен. Анда талапкерлерди каттоо, ат салышкан саясатчыларга күрөө, кол топтоо боюнча талаптар, үгүт иштеринин мөөнөтү такталган.

«Бул токтомдо шайлоонун ачык жана таза өтүшүнө каршы жоболор кабыл алынды. БШКнын төрайым чакырып, кеч боло электе чечим кабыл алыш керек», — деди Мирлан Жээнчороев.

Депутат Жунус уулу Алтынбектин айтымында, кол топтоо талабы ашыкча.

Депутаттардын сунушу күн тартибине киргизилди.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума