12:17
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Боршайком: Талапкерлерге коюлган кол топтоо талабы мыйзамдуу

Президенттик шайлоого ат салышкан талапкерлерге коюлган 30 миң кол топтоо талабы мыйзамда каралган. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында билдирди.

Эскерте кетсек, БШКнын бул демилгесине парламенттин депутаттары жана «Ата Мекен» партиясынын юристтери сын айткан. Партиянын юристти Канат Азизбектин айтымында, мыйзамдын талапкерлерге коюлган талаптар жазылган 53-беренесинде кол топтоо боюнча сөз козголгон эмес.

Нуржан Шайлдабекованын айтымында, 53-беренеде көрсөтүлбөгүн менен башка беренелерде бар. Андыктан ал талапты аткаруу керек.

БШК топтолгон колун жогорку көрсөткүчүнө чек коймокчу.

«Мурдакы шайлоодо 100 миң кол топтогондор дагы болгон. Алардын 20 пайызын гана текшерүүгө жетишкенбиз. Айрым тизменин 60 пайызы жасалма болуп чыккан. Талапкерлердин баарына бирдей шарт түзүү үчүн биз чек коюлу деп жатабыз», — деди Нуржан Шайлдабекова.

Эң көп окулган жаңылыктар