15:12
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Беш айында ичинде өрттүн чыгымы 22 миллион сомду түздү

2017-жылдын беш айында 203 өрт катталган. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Мамлекеттик өрт өчүрүү кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өрттүн чыгымы 21,95 миллион сомго жетти. Өткөн жылдын беш айында мындан аз өрт чыкканы менен чыгым көбүрөөк, 26, 54 миллион сом болгон.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн айтымында, тилсиз жоого жарандардын техникалык коопсуздук эрежелерин сактабагандыгы жол ачат (80 факт). Экинчи орунга тамеки тартуудагы калпыстыктар (50 факт), андан кийин үйдү жылытуучу каражаттарды туура эмес орноштуруу жана колдонуу себеп болот. Жыл башынан бери алты жолу атайын өрттөө болгон. Төрт жолу балдардын тектектигинен өрт чыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби