05:33
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Парламентте «Эмгек сиңирген ата» наамын ыйгаруу сунушталды

«Эмгек сиңирген ата» наамын ыйгаруу сунушун Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина бүгүнкү пленардык жыйында көтөрдү.

Депутаттын айтымында, Кыргызстанда апалар үчүн сыйлыктар бар, аталар болсо көз жаздымда калышкан.

«Аталардын аброюн көтөрүү үчүн атайын наам ыйгарып көрбөйлүбү?« — деди депутат.

Эскерте кетсек, учурда социалдык тармакта СуперАта акциясы жүрүүдө. Демилгени ЮНИСЕФ көтөргөн. Уюм СуперАталардын жеңүүчүлөрүнө атайын иш чарада сыйлык ыйгармакчы.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума