Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине Ош облусунда жабыр тарткандарга жардамга 47 миллион 533 миң 205 сом топтолду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлайт.
Акчанын 23 миллион 173 миң 58 сому Чоң-Алайдагы жер титирөөдө, 24 миллион 360 миң 147 сому Өзгөн районунун Аюу айылындагы жер көчкүдө үй-жайы бузулуп, жакындарын жоготкондордун эсебине түштү.
Эскерте кетсек, ӨКМ Чоң-Алай менен Өзгөндө жаратылыш кырсыгынан жабыркагандарга атайын эсеп ачкан.
Чоң-Алайда 3-5-майда зилзала болуп, жыйынтыгында 610 турак жай зыян тарткан. 29-апрелде Өзгөн районун Зергер айылдык аймагынын Аюу-Сай айылында жер көчүп, 24 адам каза тапкан.