USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Соттогу күбөлөрдү коргоо боюнча келишим жактырылды

Анара МАМЫТОВА
15:20, 13 июня 2017, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин тартип, кылмыштуулук жана жемкорлукка каршы күрөшүү комитети соттогу күбөлөрдү коргоо боюнча келишимди жактырды.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун айтымында, эгер күбөнү чет өлкөгө жөнөтсө, анын чыгымын Кыргызстан тарап төлөйт. Эгер күбөнү Кыргызстандын аймагында жашырса, анда экинчи тарап өзү каржылайт.

«Мындай келишимди кабыл алуу зарыл. Анткени кылмышкерлер күбөлөрдү коркутуп, кээде өч да алышат. Жыйынтыгында күбө, же жабырлануучу биринчи көрсөтмөсүнөн баш тартышып, кылмышкер жазадан кутулуп кетет» — деди министрдин орун басары.

Курсан Асановдун айтымында, мындай учурда күбөлөр мамлекеттик коргоого алынат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика