14:59
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

«Де-Фактонун» редактору Бакыт Төрөбаев менен жолугуша албай жатканын айтат

«Де-Факто» гезитинин башкы редактору Амантур Мусагулов аларга таарынган «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаевге жолугуша албай жаткандыгын билдирет. Ал бул тууралуу «24.kg» агентигине маалымдады.

«Кайсы макала үчүн сотко бергенин да айта албайм. Анткени бизге соттон кагаз келе элек. Мен деле ЖМКдан билдим. Өзүнө чалып да, барып да жолугуша албай жатам», — дейт ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Бакыт Төрөбаев гезитти «Бакыт Төрөбаев — Максим Бакиевдин долбоору» аталышындагы макала үчүн 5 миллион сомго сотко бергендиги айтылган.

Эң көп окулган жаңылыктар