17:12
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Бакыт Төрөбаев КТРКдан кайра эфир сурады

Президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаев КТРКдан кайра эфир сурады. Бул тууралуу коомдук каналдын жетекчиси Илим Карыпбеков Facebook баракчасына жазды.

Эскерте кетсек, Бакыт Төрөбаев КТРКдагы талапкерлер үчүн берилүүчү эфирден баш тартып, калган талапкерлерди дагы ага кошулууга чакырган.

Илим Карыпбековдун айтымында, 29-сентябрда Бакыт Төрөбаевдин атынан кайра кат келген. Анда мурдагы катын чакырып алып, бекер эфирге жана теледебаттарга катышууга даяр экендигин билдирет.

«КТРК — бул каалаган учурда токтотуп, кайра айдап кете турган ууна эмес. Убакыт аз калды. Биз даярдоого жетишпейбиз» — деп КТРК талапкерди кайра тизмеге киргизүүдөн баш тартты.

Эң көп окулган жаңылыктар