19:49
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Депутат: Азыркы тапта кийим тиге турган цехтерде 300 миң жумуш орду түзүлгөн

Өнөр жай багытындагы жумуш орундарын түзүүчүлөргө пайызы аз, кала берсе үстөгү жок насыя берип, салыктан 4 −5 жылга бошотуп, ишти илгерилетүүчү шарттар түзүлсө, экономиканын өсүшүнө гана жол ачылат. Бул тууралуу «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев «Парламент» радиосуна курган маегинде айтты.

«Өндүрүш ачууга бел байлаган ишкерлердин «жеңилин жерден, оорун колдон алып», аларга инфраструктуралык жактан колдоо көрсөтүп, электр энергиясын тартып барып, суусун чыгарып, жолун салып берүүгө жардам берүү — мамлекеттин милдети», — деп кошумчалады ал.

Депутат ошондой эле ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында кол өнөрчүлөрдүн көркөм буюмдарын көп сатып аларын, ал гана эмес гардероб жаңыртууда ишке кийчүү көйнөктөрүн жергиликтүү тикмечилерге буюртма берип даярдатарын билдирди. Азыркы тапта бир гана жеңил өнөр жайындагы кийим тиге турган цехтерде 300 миң жумуш орду түзүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар