Биринчи май райондук сотунун судясы Айбек Эрнис уулу иштин жүрүшүндө видео жана фотого тартууга тыюу салды. Чечим бүгүн соттук териштирүүнүн башталышында кабыл алынды.
«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдакы министр Дүйшөнкул Чотонов соттон журналисттерге видеого жана фотого тартууга уруксат берүүнү өтүнгөн.
Айыпталуучулардын жактоочусу, иштин саясый өңүтүн эске салып, мыйзам соттун ачыктыгын камсыз кыларын эскертти.
«Сот ага тыюу сала албайт. Анткени, соттун ачыктыгы мыйзамда жазылган. Журналисттер уруксат сурап олтурбай эле процесске катыша алат», — деп билдирди жактоочу Чынара Жакупбекова.
Ал президент Алмазбек Атамбаевдин сөзүн дагы эскертип өттү.
«Өлкө башчысы сотторду ачык жана таза болууга чакырган. Жада калса, соттук териштирүү түз берүүдө өтүшүн айткан», — деди ал.
Эскерте кетсек, соттун биринчи отуруму 5-июнда өткөн. Анда видео жана фотого тартууга уруксат берилген. Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотонов жемкорлук беренеси менен айыпталууда.