Базар-Коргон районунда 4 жашар кыз Кара-Үңкүр дарыясына түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.
Алардын айтымында, 3-июнь күнү Базар-Коргон районунун Талды-Булак айылынын Орозбаев көчөсүнүн тургуну 2013-жылы туулган А. А. Кара-Үңкүр суусуна түшүп кеткен.
Издөөгө 12 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып, бирок кыз табылган жок.
Издөө иштери улантылууда.