13:02
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Беш ай ичинде 25 бала сууга чөгүп кеткен

Беш ай ичинде 25 бала сууга чөгүп кеткен. Алардын жарымы 10 жашка чейинки балдар. Бул тууралуу «24.kg» маалыматтын агентигине ИИМдин Жашы жете элек балдар менен иштөө инспекциясынан билдирди.

ИИМ ата-энелерди бул мезгилде балдарын өз алдынча сууга түшүүгө жөнөтпөөнү суранып, алдын-ала көлмөлөргө чөмүлүү эрежелерин жана коопсуздук чараларын үйрөтүү кеңешин беришет.

«Бул мезгилде суунун-деңгээли жогору болуп, дарыялар ашып-ташып турган кез. Балдарды суу агызып кетип жатат. Чоңдорсуз балдарга сууга түшүүгө болбойт. Жээктен алыс кетүүгө да тыюу салынат. Канал, дарыя, көлмөгө жакын жерде ойноого да уруксат бербеш керек», — дешти Жашы жете элек балдар менен иштөө инспекциясынан.

Эң көп окулган жаңылыктар