Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин Кыргызстандын экономикасы күтүүсүздүктөргө дуушар болду. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы экономисти Бакыт Дубашов билдирди.
Анын айтымында, 2016-жылкы экономикалык өсүүлөр «Кумтөргө" байланыштуу. Алтын өндүрүшүн кошпогондо өсүү 3 пайыздан ашпайт. Экономист мында 2015-жылдагы басаңдоолордун дагы таасири бар экенин белгилеп өттү.
«Өндүрүштө тармагында жакшы өсүүлөр байкалат. Бирок, башка тармактар жай жылууда. Бул айыл-чарба жана курулуш. Айрыкча, ЕАЭБке киргенден кийин тышкы соода менен иш жүргүзгөн ишкерлер кыйнычылыктарга кабылды», — деди Бакыт Дубашов.