03:20
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кумтөр: жарака кеткен жерден адамдар, техника коопсуз жайга көчүрүлдү

Кумтөрдө жарака кеткен жерден адамдар, техника коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу «Азаттыкка» «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк билдирди. 

Ал ушул тушта Кумтөргө бара жатканын, соңку окуя кен казуу иштерине таасирин тийгизгенин, буга байланыштуу пландар өзгөрөрүн кошумчалады.

«Адистерди чакыртып, изилдеп жатабыз, бул эми табигый көрүнүш да. Ушундай учур 2002-жылы болгон, 2006-жылы да жылып кеткен. Тоо чоң жерден казылган, карьер абдан чоң: анын узундугу үч, туурасы эки, тереңдиги бир чакырым. Ушундай учурда жылыштар болот».

Мунун алдында катуу жааган жаан-чачындан улам Кумтөр кенинде «Борбордук» карьеринин чыгыш жана түндүк-чыгыш тарабынан жер кыртышынын жылышы тездегени белгилүү болгон.

«Азаттыктын» булактарынын билдиришинче жарака карьердин чыгыш капталындагы жерден кеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар