16:42
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

ЕАЭБге кошулуунун алкагында өткөрүү пункттарын модернизациялоо аяктады

Кыргызстан ЕАЭБге кошулуунун алкагында өткөрүү пункттарын модернизациялоону аяктады. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын сайтында кабарланды.

Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Эльдар Алишеров эксперттер тобу менен Кыргызстанга келип, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңыланган «Кызыл-Бел» өткөрүү пунктуна барды.

Эксперттер «Кызыл-Бел» өткөрмө бекетиндеги жаңылоо жана материалдык-техникалык жабдуу иштери ЕАЭБдин талаптарына ылайык аткарылгандыгын тастыкташты. Өткөрүү пунктун заманбап жабдуулар жана техникалык каражаттар комплекси менен жабдуу транзиттик потенциалды өнүктүрүүгө жардам берет жана бажы контролунун талаптагыдай деңгээлин камсыз кылат.

Эң көп окулган жаңылыктар