02:27
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Эки кыргызстандык тасма Нью-Йорк евразиялык кинофестивалына катышат

Эки кыргызстандык тасма Нью-Йорк евразиялык кинофестивалына катышат. Бул жөнүндө Кыргызстандын Кинематографисттер биримдиги кабарлайт.

Далмира Тилепбергенованын «Асман астында» жана Болсунбек Таалайбек уулунун «Олжо» тасмасы Кыргызстандын атынан АКШда көрсөтүлөт.

Эскерте кетсек, Нью-Йорк евразиялык кинофестивалы 2010-жылы Көз-карандысыз режиссерлор тарабынан Америка менен евразия мамлекеттеринин алакасын күчөтүү максатында түзүлгөн.

Фестивалга жалпысынан 33 фильм катышат.

Эң көп окулган жаңылыктар