Кыргызстанда жетимдерге жыл сайын жогорку окуу жайлардан 100 гранттык орун бөлүнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин бүгүнкү жыйынында Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.
Анын айтымында, 2015-жылы 29, 2016-жылы 44 жетим бала бул мүмкүнчүлүктү пайдалана алды.
Гүлмира Кудайбердиева балдар үйүнүн жана мектеп-интернаттардын бүтүрүүчүлөрү сынактан сырткары эле баардык башталгыч, кесиптик орто окуу жайларына тапшыра аларын айтты.