20:21
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Эки миңден ашык кыргызстандыктар жаш балдарын эмдетүүдөн баш тартышты

2,5 миңдей кыргызстандыктар диний ишениминен улам жаш балдарын эмдетүүдөн баш тартышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов билдирди.

Депутат эмдөөдөн баш тарткандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Олег Гориндин айтымында, Кыргызстанда эмдөөгө каршы кыймыл күч алды.

Министрдин орун басары, айрым аялдар төрөлгөн баласын эмдетпей жатышканын маалымдады. Андыктан, төрөт үйүндөгү даарыгерлер балдар керектүү уколдорду алганча чыгарышпайт.

Министрдин маалыматында, Мусулмандар дин башкармалыгы дагы, бул жаатта түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар