Кыргызстандын түштүгүндө 23-июнда күчү үч баллга жакын жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, жер силкинүү саат 6:31де катталган. Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында — Эгин-Жай айылынан түндүк-батышты карай 8 чакырым, Баткен шаарынан түштүк-чыгышты карай 100 чакырым жана Ош шаарынан түштүк-батышты карай 105 чакырым аралыкта жайгашкан.
Өлкөнүн калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү сезилген эмес.

