14:42
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Сезон кызыды. Бишкек — Балыкчы поюзу күн сайын каттай баштайт

Бишкек — Балыкчы багыты боюнча каттаган жүргүнчү ташуучу поюз 2026-жылдын 26-июнунан тарта күн сайын каттоого өтөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы эскертет.

Архивден алынды
Фото Архивден алынды. Бишкек — Балыкчы поюзу күн сайын каттай баштайт

№ 608/609 жүргүнчү ташуучу поюзу «Бишкек-2» станциясынан саат 8:06да жөнөп, Балыкчыга 12:12де барары көрсөтүлгөн. Андан соң курам «Балыкчы пляж» аялдамасына чейин саат 12:37де жетет.

Бери карай поюз саат 18:40та жөнөп, «Бишкек-2» станциясына 23:11де келет. Жолдо Кант, Ивановка, Токмок жана Кемин шаарларында бекеттерине аялдамалар каралган.

Жогорку туристтик сезондун башталышына байланыштуу, 26-июндан 13-сентябрга чейин поюз күн сайын каттайт.

Курамда стандарттан тартып VIP-класска чейинки ар кандай категориядагы 16га чейинки вагондор каралган. Билеттердин баасы вагондун классына жана төлөм ыкмасына жараша болот: накталай эмес эсептешүүдө жол кире арзаныраак.

Эң көп окулган жаңылыктар