14:41
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Садыр Жапаров жарандарды коррупция менен жапа тырмак күрөшүүгө чакырды

Президент Садыр Жапаровдун Жумгал районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда Ак-Жар айылынын тургуну улуттук коопсуздукка, армияга, коррупцияга каршы күрөшкө жана аймактарды өнүктүрүүгө тиешелүү бир катар маселелерди көтөрдү.

Президенттин басма сөз кызматы
Фото Президенттин басма сөз кызматы

Ал өз сөзүндө буга чейин жарандардын паспортторунда улуту көрсөтүлүп келгенин, бирок кийинчерээк бул графа алынып салынганын эске салды. Анын пикиринде, бул графаны кайра кайтаруу керек. Садыр Жапаров бул маселе 2021-жылы эле жөнгө салынганын жана учурда жарандар паспортко улутун жаздыруу же жаздырбоону өздөрү чечерин түшүндүрдү.

«Эгерде жаран паспортто улуту, мисалы, кыргыз деп көрсөтүлүшүн кааласа, анда мындай мүмкүнчүлүк бар. Эгер каалабаса — бул анын укугу», — деди президент.

Дагы бир козголгон тема коррупция болду. Ак-Жардын тургуну коррупция менен эрте жаштан баштап күрөшүү керектигин, анткени адамдар жашоонун ар кандай этаптарында — окуудан тартып жумушка орношконго чейин коррупциялык көрүнүштөргө туш болуп жатышканын билдирди.

«Коррупция тууралуу айта берип чарчадык. Ал менен баары жапа тырмак күрөшүшү керек. Эгерде эл унчукпай, эч нерсе болбогондой түр көрсөтө берсе, бир эле президент бул көйгөйдү чече албайт. Коррупцияга каршы күрөшкө ар бир жаран катышуусу тийиш», — деп жооп берди мамлекет башчысы.

Эң көп окулган жаңылыктар