ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери 7 миңден ашык бир жолку дозадагы синтетикалык баңгизаттын таралышына бөгөт коюп, аны сатууга шектүү жаранды кармашты.
ИИМден билдиришкендей, Бишкек шаарында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 22 жаштагы Э.Н.Б. аттуу жаран кармалган. Аны өздүк тинтүүгө алган учурда жанынан 3 граммга жакын гашиш табылган.
Андан соң ыкчам кызматкерлер шектүү жаран ичине жашыруун жай жасалган кир жуугуч машина менен кошо келген посылканы алганын аныкташкан. Турмуш-тиричилик техникасын кароо учурунда милиция кызматкерлери бир килограммдан ашык психотроптук затты табышкан.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, кармалган жаран «К» деп аталган интернет-дүкөндүн кызыкчылыгы үчүн иштеп, Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында баңгизаттарды кабыл алуу, сактоо, таңгактоо жана жашыруун жайлар аркылуу таратуу менен алектенип жүргөн.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, алынган баңгизаттын кара базардагы баасы 4,5 миллион сомдон ашышы мүмкүн. Учурда тергөө иштери бул баңгизатты жеткирүү жана таратуу каналына тиешеси бар башка тараптарды аныктоо боюнча иш алып барууда.

