12:51
USD 87.45
EUR 101.69
RUB 1.23

МинКаб төрагасынан мектептердеги 5 күндүк окуу жумалыгын калтырууну суранышууда

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин наамына Кыргызстандагы мектептердин окуу режимин өзгөртпөө өтүнүчү менен кат даярдады.

Эл өкүлү өзүнүн Telegram-каналында билим берүү уюмдарын 5 күндүк окуу жумалыгына өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун өзү демилгелегендигин эске салды.

«Мыйзам долбоору 2018-жылы кабыл алынган. Ал учурда Билим берүү министрлиги да бул идеяны колдогон, бирок балдар 3-4 нөөмөт менен окуган мектептерди беш күндүккө өткөрүүдө көйгөйлөр болгон. Бара-бара бул маселе басылган. Эми минтип арадан ушунча жыл өткөндөн кийин кайра ошол эле нерсеге кайтып келүү таптакыр туура эмес», — деп эсептейт депутат.

Дастан Бекешев ошондой эле биринчи коңгуроонун 1-сентябрдан 15-сентябрга жылдырылышы боюнча да пикирин билдирди.

«Муну ШКУнун жыйынын жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү пландалып жатканы менен негиздеп жатышат. Бирок бул иш-чаралар Бишкекте жана Ысык-Көлдө гана өтөт. Ошого карабастан республика боюнча бардык мектептерди 15-сентябрга өткөргүлөрү келип жатат. Бул кыязы студенттерге да тиешелүү болот. Бала бакчалар кандай болору белгисиз. Балким, бала бакчаларды калтырышы мүмкүн, бирок бул логикага сыйбайт», — деп бөлүштү депутат.

Эскерте кетсек, Билим берүү министрлиги беш күндүк окуу жумалыгынан тышкары алты күндүктү да караган токтом долбоорун демилгелеген.

Эң көп окулган жаңылыктар