13:18
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Дүйнө чемпионаты −2026: Алгачкы беттеште Мексика Түштүк Африка өлкөсүн утуп алды

Мексика курама командасы футбол боюнча 2026-жылдагы дүйнө чемпионатынын ачылыш беттешинде Түштүк Африка Республикасын утуп алды.

Оюн Мехикодогу «Ацтека» стадионунда өтүп, 2:0 эсебинде талаа ээлеринин пайдасына аяктады. Беттештин башкы калысы майдандан үч адамды четтетти (кызыл айып кагазын көрсөттү).

Жеңишке жетишкен командадан Хулиан Киньонес (9-мүнөттө) жана Рауль Хименес (67-мүнөттө) гол киргизишти.

Белгилей кетсек, 48 курама команданын катышуусундагы футбол боюнча дүйнө чемпионаты 11-июндан 19-июлга чейин АКШ, Канада жана Мексикада өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар