15:26
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Кыргызстан — Палестина беттеши тең чыгуу менен аяктады

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Палестинанын курама командасына каршы жолдоштук беттеш өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Оюн Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, тең чыгуу менен (0:0) аяктады.

Эми эки команданын ортосундагы экинчи беттеш 9-июнда өтөт. Бул оюндар Кыргызстандын улуттук курама командасынын 2027-жылдагы Азия кубогуна даярдыгынын алкагында уюштурулууда.

Эң көп окулган жаңылыктар