15:10
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Кыргызстанда жайыт жерлеринин 24 пайызы деградацияга учураган

Кыргызстанда жайыт жерлеринин 24 пайызы деградацияга учурады. Бул тууралуу Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө 8 миллион 985 миң 813 гектар жайыт жери бар.

«Талдоо көрсөткөндөй, 1 миллион 808 миң гектар жайыт жери деградацияга учураган. Бул өзгөчө айылдарга жакын жайгашкан жайыттарга тиешелүү, анткени ал жерлер жыл бою активдүү пайдаланылып, мал көп топтолот. Ошол эле учурда алыскы жайыттар бүгүнкү күндө толук кандуу пайдаланылбай жатат», — деп белгиледи Мирбек Дүйшеев.

Ал кошумчалагандай, Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, жайыттарды өнүктүрүүнүн 2024-2029-жылдарга каралган программасы бар.

«2025-жылы 400 миң гектарга жакын жайыт жери калыбына келтирүүгө калтырылган, ал эми 2026-жылы 335 миң гектар жерди калтыруу пландалууда», — деди Мирбек Дүйшеев.

Эң көп окулган жаңылыктар