Кыргызстандын Малайзиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Анвар Анарбаев Вьетнам Социалисттик Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи болуп да дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын администрациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, дипломат бул кызматты айкалыштыруу негизинде аркалап, анын резиденциясы Малайзиянын борбору Куала-Лумпур шаарында жайгашат.

