Астана шаарында V Евразия экономикалык форумунун катышуучуларын тосуп алуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, конгресс-борбордун имаратында Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Беларустун президенти Александр Лукашенкону расмий тосуп алды. Ошондой эле иш-чарага Россиянын президенти Владимир Путин жана Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян келишти.
Биргелешкен сүрөткө түшүүдөн кийин катышуучулар Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынын өткөрүү үчүн залга өтүштү.
Белгилей кетсек, V Евразия экономикалык форуму "ЕАЭБ глобалдык санарип жарышында: жасалма интеллектке басым жасоо"деген теманын алдында өтүүдө.

