Кыргызстанда селден келтирилген зыяндын өлчөмү эсептелди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Искендер Сулайманов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 28-майга карата алынган маалыматтар боюнча, сел келтирген зыян 664 миллион 740 миң сомдон ашты.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Бактыгүл Абдыжалиев кошумчалагандай, учурда жер-жерлерде жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте комиссиялар иштеп жатат.
«Азыркы тапта Баткенде 3 үй жана Жалал-Абад облусунда 1 үй авариялык абалда деп табылды. Биз алардын ар бирине 1 миллион сомдон камсыздандыруу төлөмдөрүн берүүнү көздөп жатабыз. Калган үйлөр боюнча комиссиянын иши уланууда», — деп белгиледи ал.
Парламентте үйлөрүнөн айрылган же селден жабыркаган жарандарга камсыздандыруу төлөмдөрүн берүүнү тездетүү чакырыгы жасалды.

