15:04
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.22

Курман айтта көзөмөл күчөтүлдү: документтери жок мал союуга уруксат берилген жок

Курман айт майрамына байланыштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча кызмат тарабынан республиканын бардык мал союучу пункттарында мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мониторингдин жүрүшүндө мал союучу жайларга киргизилген малдардын кулак биркаларынын, ветеринардык коштоочу күбөлүктөрүнүн жана тиешелүү документтеринин бар-жогу текшерилди. Документтери жана биркалары жок малдарды союучу жайларга киргизүүгө тыюу салынып, мал ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы жарандарды азык-түлүк коопсуздугуна жана коомдук саламаттыкка жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.

Малдарды союуга алып келүүдө кулак биркаларынын жана ветеринардык коштоочу документтердин толук болушу милдеттүү экендиги эскертилди.

Эң көп окулган жаңылыктар