15:04
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.22

ИИМ дүйнөлүк F1H2O кайык жарышы боюнча чагымчылдыкка алдырбоого чакырды

Ысык-Көлдө өтө турган эл аралык F1H2O кайыктар жарышы боюнча соцтармактарда түрдүү чагымчыл билдирүүлөр тарап жатат. Бул тууралуу Ички Иштер Министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, дүйнөлүк деңгээлдеги бул мелдеш буга чейин Европа, Түштүк-Чыгыш Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө өткөрүлүп келген.

Быйыл алгач ирет Кыргызстанда жана Борбор Азия аймагында уюштурулганы турат.

Билдирүүдө мелдешти өткөрүүдө коопсуздук, инфратүзүм жана экологиялык талаптар эске алынары белгиленген.

Уюштуруучулар жарышка катышкан заманбап кайыктар айлана-чөйрөгө зыян келтирбей турганын, дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө өткөн чемпионатта экологиялык көйгөйлөр катталбаганын билдиришти.

Ошондой эле акыркы убакта соцтармактарда улут аралык кастыкты күчөтө турган билдирүүлөр көбөйүп жатканы айтылды. Өзгөчө чет өлкөлүк жумушчулар боюнча маалыматтарды таратууда этият болууга чакырык жасалды.

Учурда Кыргызстанда «Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан» темир жолу, «Асман» шаары, «Камбар-Ата-1» сыяктуу ири долбоорлор ишке ашырылып жаткандыктан, чет өлкөлүк адистер мыйзамдуу негизде иштеп жатканы белгиленди.

Жарандарга маалыматтын чын-төгүнүн тактап, чагымчылдыкка алдырбоо чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар