19:46
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

COVID-19. Талас облусу эки жумага карантинге жабылды

Талас облусуна кирүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аймактагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев маалымдады.

Анын айтымында, мындай чара коронавирус илдетинин профилактикасынын негизинде кабыл алынды.

«Медиктер республикалык штабдын жыйынында облус аралык каттамдарды эки жумага убактылуу токтото турууну суранышкан. Азык-түлүк базарлары иштей берет,бирок бир гана санитарлык тартипти катуу актоолору керек. Мындан сырткары, Казакстандан келген жүк ташуучу унаалардын облуста калуусуна тыюу салында», — дейт Марат Мураталиев.

Облуска жергиликтүү өтмөк кагазы барлар гана кире алышат. Биз айрым базарларды, мечиттерди, спорттук иш-чараларды токтоттук. 

Марат Мураталиев

 «Бизде кээ бир адамдар түндөсү футбол ойноп, андан соң колонкадагы муздак суу жуунушат, анын кесепетинен пневмония илдети менен оорушат. Жалпысынан кырдаал көзөмөлдө. Бардык айылда күндүзгү стационарлар бар. Азыркы учурда пневмония илдети менен 195 адам ооруп жатса, анын ичинен 100 бейтап айыгып чыкты. 13 бейтап коронавирус илдетинен улам дарыланышууда. Дүрбөлөң кылгандар жок, имамдар жана милиция кызматкерлери эл ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат», — деп кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар