08:45
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кинотеатрларды ачуудан бийлик баш тартты

Кинотеатрларды ачуудан учурда баш тартылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул маселени учурда министрлер кабинети караштырууда. «Республикалык ыкчам штаб тийешелүү чечимин кабыл алган күнү кинотеатрлардын иши жандандырылат», — дешти өкмөттөгүлөр.

Эске салсак, республикалык штабдын кечээ 24.kg агенттигине берген маалыматына ылайык, бүгүндөн баштап кинотеатрлар өз ишин улантмак.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума