17:45
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кыргызстандагы конфессиялардын өкүлдөрү Бишкекте көчөт олтургузду

Министрлер rабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ар кыл конфессиялардын өкүлдөрү менен көчөт отургузууга катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара 2018-жылы түзүлгөн Конфессиялар аралык кеңештин алкагында өткөрүлүүдө.

«Көчөттөрдү отургузуу — бул борбор шаарыбызды жашылдандыруу жана өлкөдөгү ар түрдүү конфессиялардын жана жарандардын биримдигин чыңдоо гана эмес, ошондой эле жаратмандык процесс. Дүйнөдө тынымсыз өзгөрүүлөр болуп жаткан учурда бизге биримдик жана ынтымак болуп көрбөгөндөй зарыл», — деди Акылбек Жапаров.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар Бишкек шаарындагы «Ынтымак» сейил багына көчөт отургузуп, анын аймагын тазалашты.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери, диний жана бейөкмөт уюмдардын, диний окуу жайлардын өкүлдөрү катышты.

Эң көп окулган жаңылыктар