13:01
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Тажикстан кыргыз-тажик чек арасындагы Саада каналына көпүрө курат

Тажикстан бийлиги кыргыз-тажик чек арасындагы Саада каналына көпүрө курат. Бул тууралуу Тажикстандын Бобожонгафуров районунун башчысы Зариф Назири «Азаттыктын» тажик кызматына билдирди. Анын айтымында, көпүрө куруу чечими Баткен облусунун делегациясы менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөн кийин кабыл алынды.

8-февралда эртең менен Баткен облусунун Лейлек районундагы Саада каналына контейнерден курулган көпүрө орнотулган. Жергиликтүүлөр ал мектеп окуучуларынын ыңгайы үчүн орнотулганын билдиришкен. Кыргыз тарап тажик чек арачылары көпүрөнү алууну талап кылып, «Кулунду» жана «Кайрагач» өткөрмө бекеттери аркылуу адамдардын, транспорт каражаттарынын жана жүктүн өтүшүн бир тараптуу токтотконун кабарлаган.

Зариф Назиринин айтымында, тажик чек арачыларынын бул аракети чек арада жаңжал чыккандыгы тууралуу ушактарды жараткан. Ал тажик тарап Саада айылындагы балдардын мектепке баруусун жеңилдетиш үчүн канал аркылуу көпүрө курарын жана аны менен эки өлкөнүн жарандары тең пайдаланса болорун кошумчалады.

Кечке жакын Кыргызстандын Чек ара кызматы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында тажик тарап көпүрөнү ачып, кошумча тартылган тажик аскер кызматкерлери кайра кеткенин билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар