11:40
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Жапон агенттиги Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт

Жапон агенттиги Талас-Тараз жолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Транспорт жана жол министрлигинин маалыматына караганда, 1 миллиард 785 миллион жапон иени өлчөмүндө грант берүү чечими кабыл алынды. Аталган долбоор Казакстан менен автотранспорттук байланышты камсыздаган «Талас-Тараз» автожолунун 82 чакырымдык иштеп турган көпүрөнүн ордуна, Үйүрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрө курууну караштырат.

Депутат Руслан Казакбаев Талас-Тараз-Суусамыр жолуна алынган насыяга аудит жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 1 миллион доллар каражаттын уурдалганы аныкталганын эске салып, ал иштин азыркы абалына кызыкты.

Транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы боюнча маалымат бериле турганын айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар