21:46
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Бишкектиктер Ауэзов көчөсүндөгү көпүрө аркылуу өтүүдөн коркушууда

Бишкектиктер Ауэзов көчөсүндөгү көпүрө аркылуу өтүүдөн коркушууда. Бул тууралуу Фейсбук социалдык түйүнүнө Нуржамал Бердалиева аттуу колдонуучу жазып чыкты. Ал Бишкек мэриясына Аламедин-1 менен Учкун кичирайондорунун ортосунда жайгашкан көпүрөгө көңүл бурууну суранды.

«Шаарда канча жылдан бери жашайм, көпүрөнү бир дагы жолу сырдап, оңдошкон жок. Конструкциясы совет маалында тургузулган. Көпүрө бузулуп, шалкылдап калган», -деп жазды Нуржамал Бердалиева.

Эң көп окулган жаңылыктар