17:01
USD 87.45
EUR 102.21
RUB 1.13

Кыргызстандын туңгуч космонавты Салижан Шарипов Ошто окуучулар менен жолугушту

Кыргызстандын биринчи космонавты, Кыргыз Республикасынын Баатыры Салижан Шарипов түштүк борборго жумушчу сапар менен келип, шаардагы космонавттардын ысымын алып жүргөн Ю. Гагарин жана В. Терешкова атындагы орто мектептердин окуучулары менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Ардактуу мейманды, дүйнөнүн 372-чи, Россиянын 88-чи, Кыргызстандын туңгуч космонавты Салижан Шариповду мэрдин орун басары Масуда Айдарбекова, Россиянын Ош шаарындагы башкы консулу Роман Свистин, билим берүү тармагынын өкүлдөрү жана окуучулар тосуп алышты.

Иш-чарада Салижан Шарипов балалык кыялы, космосту багындырууга болгон аракеттери, космостук учуулары жана жеткен ийгиликтери менен бөлүшүп, окуучуларга алдыга койгон максаттарына умтулууну сунуштап, кыялдарынын орундалышына тилектештигин билдирди.

12-апрель — Эл аралык авиация жана космонавтика күнүнө карата өткөрүлүп жаткан иш-чаранын алкагында мектеп окуучуларынын космос мейкиндигин чагылдырган макеттери жана өз колдору менен тарткан сүрөттөрү көрсөтүлүп, чакан концерттик программа тартууланды.

Эң көп окулган жаңылыктар