11-апрелге карата аба ырайы
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, эртең, 11-апрелде Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Республиканын башка аймактарында күн ачык болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +3... +8, күндүз +19... +24;
Талас жергесинде түнкүсүн +3... +8, күндүз +13... +18;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7... +12, күндүз +18... +23;
Нарын аймагында түнкүсүн 0... +5, күндүз +12 .. +17;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1... +6, күндүз +14... +19;
Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын табы түнкүсүн +5... +7, күндүз +21... +23 градус жылуу болот.

