18:36
USD 87.45
EUR 102.07
RUB 1.12

Азия чемпионаты. Нурзат Нуртаева жарым финалга чыкты

Фото Интернеттен алынды

Кыргызстандык балбан Нурзат Нуртаева Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты. Бул тууралуу UWW сайтында кабарланды.

72 килограмм салмактагылар арасында мекендешибиз Кореянын өкүлүн жеңди.

Гүлнура Таштанбекова (65 килограмм салмактагылар) финалга чыга алган жок. Ал жапониялык Нана Икехатага утулуп калды.

Эскерте кетсек, Мээрим Жуманазарова чемпионаттын финалына чыкты. Арууке Кадырбек кызы менен Сезим Жуманазарова коло медаль үчүн күрөшөт.

Эң көп окулган жаңылыктар