Эртең, 8-апрелде Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймагында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймагында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн +8...+13 күндүз +14...+19
Таласта түнкүсүн +3...+8 күндүз +13...+18
Баткенде түнкүсүн +8...+10 күндүз +15...+17
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8...+13 күндүз +15...+20
Ысык-Көлдө түнкүсүн +4...+9 күндүз +16...+21
Нарында түнкүсүн 0...+5 күндүз +15...+20
Бишкекте түнкүсүн +11...+13, күндүз +16...+18 градус болот.

