Келсинбек Бектемиров Таш-Көмүр шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Анын ордуна Орозбаев Эрк Нарынбекович Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэри болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
Бектемировдун кызматтан алынышынын себептери расмий түрдө такталган жок. Ал 2022-жылдан бери мэр болуп иштеп келген.

