13:37
USD 87.45
EUR 100.28
RUB 1.08

Кыргызстанда КРВИ сезону аяктап, кырдаал турукташты

Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) жана сасык тумоо сезону аяктап, абал турукташты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Адистердин айтымында, курч респиратордук вирустук инфекция сезону, адатта, октябрь айында башталып, март айына чейин уланат. Сасык тумоо учурлары ноябрь айынын аягынан январга чейин туу чокусуна жетет.

Оперативдик маалыматтар боюнча, 23-29-март жумасында республикада КРВИнин 6 миң 299 учуру катталган. Мурунку жумага салыштырмалуу оорунун көрсөткүчү 10,8 пайызга жогорулаган.

Бардык учурлардын 68,8 пайызы 14 жашка чейинки балдар болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар