17:28
USD 87.45
EUR 100.53
RUB 1.07

Бишкектин айрым райондорунда 3 күнгө газ өчүрүлөт

Бишкекте 1-апрелден 3-апрелге чейин айрым көчөлөрдө газ болбойт. Бул тууралуу «Кыргызстан Газпром» ишканасы билдирет.

Маалыматка ылайык, токтотуу жер астындагы орто басымдагы газ түтүгүндөгү иштерге байланыштуу болууда.

Оңдоо иштерине байланыштуу Жантөшев, Байтик Баатыр, Лев Толстой, Кара-Дарыя, Горький жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрү менен чектешкен аймакта, «Кыргызавтомаш» заводунун, макарон цехинин жана Жыргал жана Байтур мончолорунун аймагында жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулаарын билдирет.

«Кыргызстан Газпром» ишканасы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Эң көп окулган жаңылыктар