13:27
USD 87.45
EUR 100.53
RUB 1.07

Быйыл Төө-Ашууда 10 чакырым жол оңдолот

2026-жылдын курулуш мезгилинде Бишкек—Ош автожолунун Тɵɵ-Ашуу ашуусунда орто оңдоо иштери жүргүзүлөт. Тактап айтканда, «Капиталдык салымдар» беренесинин алкагында 130—146-чакырымдар (16 км ) аралыгындагы эски асфальт катмары сыйрылып, анын ордуна жаңы асфальт төшөлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Транспорт министрлиги
Фото Транспорт министрлиги. Төө-Ашууда 10 чакырым жол оңдолот
Маалыматка ылайык, министрликтин алдындагы № 9 Жол тейлөө ишканасы Бишкек—Ош автожолунун Сосновка постунан Тоо-Ашуу ашуусунун түшө беришине чейинки (80—139-чакырымдар) тилкесинде коопсуздукту камсыздоочу парапеттерди алмаштыруу иштерин жүргүзүүдө. Жалпысынан 200 даана парапет орнотуу каралган, учурда анын 180 даанасы орнотулду.

Белгилей кетсек, аталган парапеттер Бишкек—Ош автожолу реконструкцияланган убактан бери, дээрлик 20 жылдан ашык убакыттан бери алмаштырылган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар