Кыргыстандын футбол боюнча улуттук курама командасы бүгүн, 25-мартта быйылкы биринчи беттешин өткөрөт.
Түркиядагы машыгуу жыйынынын алкагында Роберт Просинечкинин командасы Экватордук Гвинеяга каршы ойнойт. Беттеш Анталияда өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталат.
Бул беттеш улуттук курама команда үчүн 190-беттеш жана африкалык командага каршы биринчи оюн болуп саналат.
ФИФАнын рейтингинде Кыргызстан 103-орунда, ал эми Экватордук Гвинея 107-орунда турат.
Кыргызстандык команда буга чейин африкалык футбол менен клубдук деңгээлде беттешип келген. Тактап айтканда, 2024-жылы Кыргызстандын оюнчулары Түркиядагы машыгуу жыйынында Алжирдин «Оран» клубу менен 0:0 эсебинде тең чыгышкан.

