Нарын облусундагы Нарын-Жаңы-Жол унаа жолу ачылды. Бул тууралуу «Кыргызавтожол-Түндүк» мекемеси билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечим жолдун абалын жеринде текшерүү үчүн райондук администрация өкүлдөрүнөн жана тиешелүү адистерден турган атайын комиссия түзүлүп, кароо жүргүзүлгөндөн кийин кабыл алынды.
Кароо учурунда № 41 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жолду тазалоо, кеңейтүү жана коопсуз абалга келтирүү боюнча иштер аткарылганы белгиленди.
Мекеме жарандардан жолдо жүрүүдө коопсуздук эрежелерин сактоону жана аба ырайынын шарттарын эске алууну эскертти

