14:17
USD 87.45
EUR 100.07
RUB 1.09

Түптө үйүндө баңгизат сактап жүргөн жарандар кармалды

Түп райондук ички иштер бөлүмүнө баңгизаттарды мыйзамсыз сактап жана колдонуп жүргөн жарандар тууралуу оперативдик маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

14-март күнү Түп РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары аныкталган жарандардын турак жайларында мыйзамдуу тинтүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Натыйжада, 1973-жылы туулган Ж.А. аттуу жаранды жеке тинтүү учурунда анын кийип жүргөн кара түстөгү курткасынын чөнтөгүнөн жапайы өскөн кендир чөбүнө окшош, өзгөчө жыты бар зат табылган. Ошондой эле анын турак жайынан жапайы өскөн кендир чөбүнө окшош, өзгөчө жыты бар, полиэтилен баштыктарга салынган бир нече заттар табылган. Табылган заттардын жалпы салмагы 1 килограмм 531 граммды түзүп, далил зат катары алынган.

Мындан тышкары, 1972-жылы туулган Б.Б. аттуу жарандын кашарын жана турак жайын тинтүү учурунда кашарынан полиэтилен баштыкка салынган, чабылып-чогултулган жапайы өскөн кендир чөбүнө окшош, өзгөчө жыты бар зат табылган. Ошондой эле жапайы өскөн кендирге окшош чөптөрдүн жалбырактары, 13 даана балык уулоочу синтетикалык кытай торлору, 2 даана үйлөтмө кайык, 19 даана ок атуучу куралдын ок-дарысы, күкүрт жана пистондор табылган. Табылган заттардын жалпы салмагы 3 килограммдан ашып, далил зат катары алынган.

Алынган заттарга соттук-химиялык экспертиза дайындалып, учурда тергөө амалдары улантылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар