Жогорку Кеңеш Канатбек Чыныбаевди өзгөчө кырдаалдар министри кызматына дайындоого макулдук берди. Мындай чечим бүгүн, 11-мартта парламенттин жалпы жыйында кабыл алынды.
Талапкерди парламенттин жыйынында президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.
Эскерте кетсек, 10-мартта Президент Садыр Жапаров Канатбек Чыныбаевди Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу кылып дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койгон.
Ал мурда Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп иштеген.

